АНОШИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:20, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Александр Григорьевич (1878, Нижний Новгород губерниясы, Любянцы кыш. –

1958) – Түш. Кырг-нда Совет бийлигин орнотууга жигердүү катышкандардан. 1905–07-ж. Уфа ж-а Омск ш-нда рев-яга катышкандыгы үчүн Түркстан крайына айдалган. Биринчи дүйнөлүк согушта аскерге алынып, солдаттардын согушка каршы чыгууларына катышкан. Февраль рев-ясынан кийин Ош ш-нда большевиктердин алгачкы тобун уюштурган. Анын жетекчилиги м-н уездцик борбордун большевиктери 1918-ж. Убактылуу өкмөттүн бийлигин кулатып, Совет бийлигин орнотушкан. Ошол эле жылы мартта <notkey>РКП</notkey> (б)нын Ош уезддик-шаардык комитетинин биринчи председатели, Ош уездинин аскер комиссары болуп шайланган. 1918-ж. басмачыларга каршы күрөштү уюпггуруп, аны жетектеген.
1919–24-ж. Өзбекстанда жооптуу кызматтарда иштеген.