АННЕКСИЯ
Jump to navigation
Jump to search
(лат., annexio – бириктирүү, кошуп
алуу) – агрессиянын бир түрү, башка бир мамлекеттин аймагын же анын бир бөлүгүн күч
колдонуу м-н бириктирүү (басып алуу). Учурдагы эл аралык укуктун нормаларына ылайык,
А. мыйзамсыз болуп саналат. БУУнун Уставында
кайсы гана мамлекет болбосун, анын
аймактык бүтүндүгүнө ж-а саясий көз каранды
эместигине күч колдонуу м-н кийлигишүүсүнө
тыюу салынган.