АНКЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:20, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(нем. Anker, түз мааниси – якорь) —
омок – имарат, курулманын ж-а техниканын констр-лык бөлүктөрүн бекитүүчү тетик.

Курулуш тармагында көбүнчө арматурадан, бурамалардан бетондун тулкусуна орнотулуп атайын калтырылып коюлат да, кийинки жалгаштырыла турган констр. үчүн бекиткич (омок). Арматурадан жасалганы ширетүү м-н, бурама А. буралмалар аркылуу жалгаштырылат;

саатты жүргүзүүчү механизмдин якорго окшогон бөлүгү. Аны саат оңдогуч У. Клемент ойлоп

чыгарган (1675). Саат жасоодо саат механизминин бир калыпта жүрүшүн камсыздайт; 3) айрым өлкөлөрдө негизинен шарап, суу ташууда пайдаланылуучу (көлөмү 16-50 л) идиш (челек).