АНЕВРИЗМА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:03, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(гр. aneurysma – кеңейүү) – кан

тамырдын, жүрөк булчуңунун миокард капталынын жукарып, кеңейүүсү. Ал жүрөк инфаркты, атеросклероз, аортанын сезгенүүсү, котон жара ж. б. оорулардан ж-а жараат алуудан пайда болот. Кан тамыр А-сы жайгашышына жараша артериялык, веналык ж-а артерия-веналык болуп бөлүнөт. Жүрөк толтосунун А-сы демейде атеросклероз м-н ооруган адамдарда көп кездешет. Жүрөктүкү негизинен миокард инфарктынын кабылдоосу болуп, көбүнчө ал сол карынчанын капталында жайгашат. Анын белгиси жайгашышына, көлөмүнө ж. б. себептерге байланыштуу. Кээде ал бейтапка көпкө чейин билинбей өтөт. Көлөмү чоң А. тегерегинде жайгашкан органдарды, ткандарды кыса баштайт. Бул көп учурда жүрөктүн иштешинин бузулушуна алып келет.