АНДРАШИ ДЬЮЛА
Jump to navigation
Jump to search
(3. 3. 1823, Кашау – 18. 2.
1890, Волоска) – венгриялык мамл. ж-а саясий
ишмер; граф. Венгриядагы 1848–49-ж. рев-янын
жетекчилеринин бири, венгриялык рев-ялык
өкмөттүн Константинополдогу дипл. өкүлү.
Рев-я жеңилгенден кийин Францияга эмиграцияга кетип, сырттан эле өлүм жазасына тартылган. 1857-ж. амнистия б-ча Венгрияга кайтып келип, император Франц Иосифке берилгендигин далилдеп, ант берген. Австрия-Венгрия
монархиясынын түзүлүшүнө алып келген 1867-
жылдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө катышкан.
1867–71-ж. Венгриянын Министрлер Советинин
алгачкы төрагасы, 1871–79-ж. Австрия-Венгрия
империясынын тышкы иштер министри болуп
иштеген.