АНАРОВ Алля

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:02, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Алля [1907, Ош обл., Араван р-ну, Ачы

(Беш-Бадам) айылы – 1979, ошол эле жерде] – а. ч. өндүрүш новатору, эки жолу Соц. Эмг. Баатыры (1948,1951), Кыргыз ССРинин дыйканчылыкка эмг. сиң. устаты (1945). Коллективдештирүү учурунда алгачкылардан болуп колхозго кирген. 1936-51-ж. Ош обл-нун Араван р-нундагы «Коммунизм» колхозунун звено башчысы. Ал жетектеген звено пахта өстүрүү иштеринде алдынкы агротех. ыкмаларды колдонуп, 1948-49- жылдары 6 гектар жердеги, 1950-ж. 10 гектар жердеги пахтанын ар гектарынан мол түпгүм өстүрүп алууга жетишкен. 1951-62-ж. ошол эле колхоздун талаачылык

АНАРОВ 72.png

бригадасынын, 1962-67-ж. пахтачылык бригадасынын бригадири. 1967-68-ж. жаңы уюшулган «Пахтачы» совхозунун пахтачылык бригадасын жетектеп, ал совхоздун дың жерлерин өздөштүрүүнүн демилгечиси болгон. 1958-62-ж. СССР Жогорку Советинин, 1951- 59-ж. Кыргыз ССР Жогорку
Советинин депутаты. Беш Ленин ордени, Кызыл Жылдыз ордени м-н сыйланган.