АМРИТСАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:10, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– Индиянын түн.-батышындагы

шаар. Пенжаб (Панжаб) штатында. Калкы 1,2 млн (2011). Жолдор тоому. 1577-ж. Өлбөстүк көлүнүн (санскритче – амрита сарас) тегерегинде негизделип, сикхтердин башкы диний ж-а маданий борбору болгон. A-да сикхтердин эң ыйык «Алтын храмы» (Харимандир; 16-18-к.) жайгашкан. «Алтын храм» 1761-ж. кыйроого учурап, кийин кайра калыбына келтирилген, индустардын Дургиана храмы да бар. А. - өлкөнүн өнөр жай ж-а соода борбору; текстиль, хим., машина куруу, болот, прокат, кант өнөр жай ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк (килем токуу, металлдан, сөөктөн, булгаарыдан буюм жасоо) өнүккөн. Р. Карачалова.