АЛЬПИНИЗМ
– тоо чокусуна чыгууга негизделген спорт түрү. Батыш Европадагы Альп тоо системасынын аталышынан келип чыккан. А. -
тоо чокусуна чыгууда рельефтик ж-а климаттык тоскоолдуктарды атайын тех. ыкмалардын жардамы м-н жеңүү. Мындай тоскоолдуктарга аска, мөңгү, муз ж-а кар жантаймалары, чокунун абс. бийиктиги, өтө сууктугу, шамал, жаап турган кар ж. б. кирет. Спорттук мелдештин
Table 1: 8000 лсдик чокуларга чыккан алгачкы альпинисттер
Чокулар | Бийикт.,
м
|
Жайгашкан
жери
|
Альпинисттер | Экспедицияныуюштурган өлкө | Дата |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
Эверест | 8848 | Непал | Э. Хиллари, Н. Тенсинг | Улуу Британия | 29.5.1953 |
Чогори (К-2) | 8611 | Пакистан | JI. Лачеделли, А. Компаньони | Италия | 31.7.1954 |
Канченжанга | 8586 | Индия – Непал | Дж. Бенд, Н. Харди, Д. Браун, Т. Стритер | Улуу Британия | 25.5.1955 |
Лхоцзе | 8516 | Непал | Э. Райс, Ф. Лухзингер | Швейцария | 18.5.1956 |
Макалу | 8463 | Непал | Ж. Бувве, JI. Террей, Г. Маньон,Ж. Кузи, П. Леру, С. Купе, Ж.Франко, А. Виалат, Н. Гиальсен | Франция | 17.5.1955 |
Чо-Ою | 8201 | Непал | Г. Тихи, 3. Иохлер, Пасанг ДаваЛама | Австрия | 19.10.1954 |
Дхаулагари | 8167 | Непал | А. Шельберг, Э. Форрер, К. Дим-бергер, Ньима Дорье, НавангДорье, П. Диннер, М. Воше, X.Вебер | Швейцария | 13.5.1960 |
Манаслу | 8163 | Непал | Т. Иманиши, Гиальсен Q, М. Хи-гета, К. Като | Япония | 9.5.1956 |
Нангапарбат | 8125 | Пакистан | Г. Буль | Австрия | 3.6.1953 |
Аннапура | 8091 | Непал | М. Эрцог, Л. Лашеналь | Франция | 3.6.1950 |
Хидден-Пик
(Гашербрум I)
|
8068 | Пакистан | П. Шенинг, Э. Кауфман | АКШ | 5.7.1958 |
Броуд-Пик | 8047 | Непал | М. Шмук, К. Димбергер, Г. Буль,Ф. Винтерштеллер | Австрия | 9.6.1957 |
Гашербрум II | 8035 | Пакистан | Ф. Мрравец, Г. Вилленпарт, 3. Ларх | Австрия | 7.7.1956 |
Шишабангма | 8013 | Кытай | Хсу Чинг | Кытай | 02/05/64 |
объектиси – чокунун бийиктиги,
тех. татаалдыгы,
маршруттун мүнөзү. А. 3 багытта (үйрөнчүк,
спорттук ж-а колдонмо) өөрчүйт.
Альпинист жакшы физ. даярдыкта болуп, мелдеште табият тоскоолдуктары (тоо, бийиктик, аба ырайы) м-н күрөшөт.
А. шаймандары
эки топко бөлүнөт: 1) жеке колдонулуучу шаймандар: күндөн коргоочу көз айнек, топу, күрмө, колгап, кап жууркан, ийин баштык, чылбыр жип, коопсуздукту камсыз кылуучу кур,
муз-таш чапкыч, балка, айсбайль, темир
туяк; 2) топтук шаймандар: жоон аркан, ичке
аркан, чатыр, илгич темир (карабин), таш, муз
чукулдугу, кыскычтар, тепкичтер (шатылар),
примус, радиостанция ж. б. 1786-ж. фр. Ж. Бальмер ж-а М. Г. Паккар Батыш Европанын Монблан чокусуна чыккандан баштап А. өнүгө баштаган. Альп тоолорун изилдөө үчүн 19-к-дын
орто ченинде Англияда (1857), Италияда (1862),
Швейцарияда (1863), Францияда (1874) альпинисттик клубдар ачылган. Алгач 8000 ждик Гималай тоосундагы Аннапура чокусуна фр. альпинисттер М. Эрцог ж-а Л. Лашеналь чыккан
(1950). Альпинисттик Ассоциациялардын эл
аралык союзу 1932-ж. негизделген. Кырг-нда А.
мектеби 1936-ж. Жети-Өгүздө уюшулуп, ошол
эле жылы альпинисттер 1-жолу Ала-Арча
капчыгайындагы Комсомолец чокусуна (4140 м)
чыгышкан. Кырг-ндын көрүнүктүү альпинисттери В. М. Рацек, Б. Р. Маречек, К. Байгазинов,
А. Чойбеков, А. Мендикулов, А. И. Бондаренко
ж. б. Кырг-нда биринчи болуп А. б-ча спорт чебери наамын 1940-ж. В. Рацек алган. Кырг-нда
эл аралык мелдештер дайыма өткөрүлөт. Аларга жаш альпинисттердин эл аралык Май альпиниадасы, Кантоого (Кантеңириге) ылдамдык
м-н жалгыз чыгуу б-ча эл аралык мелдеш, улуттук А. федерацияларынын Президенттери үчүн
Түндүк Эңилчек мөңгүсүнө (5000 м бийиктикке)
чыгуу мелдеши кирет. 1995-ж. Ак-Суу, Чоң
Алайдагы альп лагерлерге чет өлкөлөрдөн 642
альпинист келип, бийиктиктерди багындырган.