АЙГҮЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:02, 21 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙГҮЛ, э д у а р д ч а а р г ү л ү \Petilium eduardii (A. Regel ex Lozinsk) Vved.] – лилия гүлдүүлөр тукумундагы пияз түптүү өсүмдүк. Көп жылдык поликарптык эфемероид. Пияз түбү саргыч – ички, күңүрт‑боз, сырты кабыкчалуу, жытсыз, ири жумуру, тоголок сымал, калыңдыгы 4–9 см. Сабагы тик, түксүз, бийикт. 37­95 см, бир кылка, орто чени жалбыраксыз, са­бактагы жалбырактары ачык жашыл, узун лан­цеттүү, сабагынын жарымын курчаган, учтуу, төмөнкү жалбырактарынын уз. 10‑15 см, туу­расы 5‑12 см, гүл жан жалбырактары сабакта­гыларынан ичке ж‑а кыска, сызыктай, чоку­сунда чатырча топ гүлү бар. Гүлдөп турган өсүмдүктө 20‑40 сабагы ж‑а 5‑25 чоку жалбырактары, гүл тобунда 15ке чейин (көбүнчө 4-5) гүл болот; гүл коргону ачык кызыл, жазы коңгуроодой, уз. 4,5‑6,5 см, узунча‑ланцеттүү. Мөмөсү – кургак кутуча, уз. 6‑7 см, уругу майда, күрөң. Пияз түбү 15‑30 см терендикке чейин өсүп, кар кеткенде тез эле өнүп чыгат. Марттын башынан майдын аягына чейин гүлдөп, бир гүлү 15 күнгө чейин турат. Тажикстан, Өзбекстан,Түн. Афганстан, Кашмир (Индия) ж‑а Кыргызстанда кездешет. Кыргызстанда Түркстан тоо кыр­касында (Айгүл­-Таш тоосунун түн. капталында, Ко­зулан-Ташта ж‑а Баткен ш‑нын түш. чыгышын­да, Исфара суусунун алабында, Лайли‑Мазар суу-

АЙГҮЛ47.png

сунун сол жээгиндеги капчыгайда) өсөт. А. өскөн аймактарга «улуттук парк» деген статус берип, аны коргоо б‑ча кеңири түшүнүк иштерин жүр­гүзүп, пияз түбүн казып алууга ж‑а мал жаюуга тыюу салып, ботан. бакта өстүрүлүшү керек. Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.
К. Т. Шалпыков.