АК СЕРКЕ
18:57, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
АК СЕРКЕ ‒ кыргыздын улуттук тамактарынын бири; эзилген сүзмө, курут же айран катыкталган шорпо. А. шорпого азыраак суу кайтарып, кесме салып бышырып, сүзүп алгандан кийинки кесменин шорпосуна кымыз, айран же эзилген сүзмө, курут катыктоо м-н даярдалат. Эттин шору, кесменин маӊызы, катыктын ачкылы ‒ үчөө кошулган А. ток ж-а даамдуу болот. А. тамакты сиӊирүү үчүн суусундук катарында «беш бармактан» кийин ичилет.