АЖЫДААР ТООЛОРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:28, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЖЫДААР ТООЛОРУ(бур тилинде Draken sberg) – Түш. Африкадагы Чоң Тектир бөксө тоосунун бир бөлүгү. Ортонку бөлүгүнө Лесото тайпак тоосунун чыгыш чети кирет. Бийикт. 3482 мге чейин (Табана‑Нтленьяна чокусу). Негизинен кумдук тоо тегинен туруп, аны базальт жаап жатат. Нымдуу чыгыш капталдарында 1200 м бийиктикке чейин тропик токою (азыр дээрлик кыйылган), каксоо беттеринде саванна ж‑а бадалдар өсөт.