АБАКИРОВ Эмилбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:13, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) (Kerimova-59 moved page АБАКИРОВ to АБАКИРОВ Эмилбек) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Эмилбек (18. 3. 1929, азыркы Нарын обл., Кочкор р-ну, Ак-Кудук айылы – 22. 1. 2022, Бишкек) – коомдук ж-a мамл. ишмер, сов. профсоюз кыймылынын ишмери. СССР эл депутаты (1989—91). Фрунзе кооперативдик техникумун (1949), КМУну (1953) бүтүргөн. 1946–49-ж. Чүй р-нундагы «Шамшы» совхозунда жумушчу, Кара-Дөбө айылдык керек-жарак коомунда эсепчи, 1953–58-ж. Ош пед. ин-тунда окутуучу, улук окутуучу, комсомол к-тинин секретары, 1955–59-ж. комсомолдун Ош обкомунун секретары, 1959–60-ж. Ош пед. ин-тунда улук окутуучу, 1960–70-ж. Кырг-н КП Ош обкомунун инструктору, бөлүм башчынын орун басары, бөлүм башчы, 1970–71-ж. Кырг-н Ош шааркомунун 1-секретары, 1971–73-ж. Кырг-н КП БКнын уюштуруу-партиялык бөлүмүнүн башчысынын 1-орун басары,1973–95-ж. Кырг-н профсоюздар советинин төрагасы, 
АБАКИРОВ13.png
1995–98-ж. Борб. Азия, Азербайжан ж-a Түркия Респ-нын Профсоюздук борборунун Консультациялык кеңешинин башкы катчысы, 1995–2007-ж.«Достук» мейманканасы АКнын Башкы директорунун орун басары, 2007-жылдан Башкы директордун кеңешчиси. Октябрь Революциясы, эки Эмгек Кызыл Туу, 3-даражадагы «Манас» ордендери ж-а КРдин Ардак грамотасы м-н сыйланган.