АЭРОЭЛЕКТРДИК ЧАЛГЫНДОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

‒ самолётто же вертолётто орнотулган атайы аппараттардын жардамы менен жер бетиндеги тоотектердин магниттик, электр-магниттик, индукциялык кубулуштарын изилдөө, кендерди издөө, чалгындоо ыкмасы. Аэроэлектрдик чалгындоо ыкмасы СССРде (1955-ж.), Швецияда, Канадада жана АКШда иштеп чыгарылган. Кендерди издөөдө, геол. съемкада жана гидрогеологиянын кээ бир маселелерин чечүүдө кеӊири пайдаланылат. А. ч-до электр-магниттик толкундарды жаратуучу жана таратуучу генератор рамасы пайдаланылат. Учуу мезгилинде рамадан жиберилген электр-магниттик толкундар тоотек катмарларына, кенташтарга (рудаларга) өтүү менен электр (вихрь) тогун пайда кылып, анын түрдүү даражадагы электр-магниттик толкундары самолёттогу аспаптар аркылуу кайрадан кабыл алынып катталат. Толкундардын интенсивдүүлүгү тоотектердин ток өткөргүчтүүлүгүнө жараша болгондуктан, ал б-ча ар түрдүү аныктоолорду жүргүзүүгө болот. А. ч. ыкмасы жасалма же табигый электр-магниттик толкундарды колдонуу муктаждыгына карата бир нечеге бөлүнөт.