АК-СУУ Москва районундагы суу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:17, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АК-СУУ ‒ Москва р-нундагы суу, Чүй д-нын сол куймасы. Уз. 155 км, алабынын аянты 483 км2. Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталындагы мөӊгүлөрдөн башталып, Жар-Таш ж-а Чоӊ Таш суулары кошулгандан кийин А.-С. аталат. Жогорку агымы кууш капчыгай аркылуу агып, Чүй өрөөнүнө чыкканда нугу кеӊейип, тайыздай баштайт. Куймалары: Жарды-Суу, Темене, Ак-Башат, Чоӊ Таш, Бултуке ж. б. Алабында аянты 4,21 км2ге жеткен 77 майда көл бар. Май айында кирип, октябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 3,80 м3/сек; эӊ көбү ‒ 11,8 м3/сек, эӊ азы ‒ 1,45 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Ак-Башат, Жарды-Суу, Кепер-Арык, Төмөн-Суу, Ак-Суу, Мураке, Ак-Торпок кыш. жайгашкан.