АКРИЛНИТРИЛ
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
винилцианид, СН2=СН- CN орг. бирикме, акрил к‑тасынын нитрили, мол. м. 53,06, кескин жыттуу, түссүз, ууландыргыч суюктук, кайноо t 77,3°С. Аба м‑н А‑дин 3,05 ж‑а 17,0% көлөмдөгү кошулмасы жарылгыч. Суу, бензол, метанол, СС14 м‑н азеотроптук кошулманы, оңой полимерленип полиакрилнитрилди пайда кылат. Бутадиен, стирол, винилхлорид ж. б. м‑н сополимерлешүү реакциясына кирет. Өнөр жайда пропилен м‑н аммиактын аралашмасын катализатор м‑н кычкылдандыруудан ж‑а ацетиленге синил к‑тасын таасир кылуудан алынат. Ал полиакрилнитрил буласын, бутадиеннитрил каучугун, цианэтил ж. б. өндүрүүдө колдонулат. А. денени дүүлүктүрөт, териге оңой сиңет, анын уулантуу таасири цианиттерге окшош.