АКНАЗАРОВ Корчубек
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
Корчубек (1. 8. 1922, Талас обл., Бакай‑Ата р‑ну, Кызыл‑Жар айылы – 1. 2. 2019, Бишкек) – белгилүү мамл. ж‑а саясий ишмер, а. ч. өндүрүшүн уюштуруучу, Соц. Эмг. Баатыры (1966). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Эмгек жолун 1941‑ж. мугалимдиктен баштаган. 1947‑жылдан жетекчи кызматта: компартиянын Чаткал, Ала‑Бука, Октябрь, Базар‑Коргон райкомдорунун 2‑катчысы, Ала‑Бука райаткомунун төрагасы, 1961‑90‑ж. АкТалаа, Жумгал, Кочкор райкомдорунун 1‑катчысы.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1963–90), КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (1990–95). Эки Ленин, Эки Эмгек
Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, «Ардак Белгиси» ордендери ж‑а медалдар м‑н сыйланган.