АКНАЗАРОВ Корчубек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:42, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Корчубек (1. 8. 1922, Талас обл., Бакай‑Ата р‑ну, Кызыл‑Жар айылы – 1. 2. 2019, Бишкек) – белгилүү мамл. жана саясий ишмер, а. ч. өндүрүшүн уюштуруучу, Соц. Эмг. Баатыры (1966). Улуу Ата Мекендик согуштун ка­тышуучусу. Эмгек жолун 1941‑ж. мугалимдиктен баштаган. 1947‑жылдан же­текчи кызматта: компар­тиянын Чаткал, Ала‑Бука, Октябрь, Базар‑Коргон рай­комдорунун 2‑катчысы, Ала‑Бука райаткомунун төрагасы, 1961‑90‑ж. Ак­Талаа, Жумгал, Кочкор рай­комдорунун 1‑катчысы.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1963–90), КРдин Жогорку Кеңешинин де­путаты (1990–95). Эки Ленин, Эки Эмгек

АКНАЗАРОВ51.png

Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, «Ардак Бел­гиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.