АКМАТОВ Жусупбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (4. 4. 1938, Чүй обл., Аламүдүн р‑ну, Арашан айылы – 10. 12. 2010, ошол эле жерде) – генерал‑майор (1983). КМУну (1961), КПСС БКга караштуу коомдук ИАны (1980) бүткөн. 1961‑68‑ж. Сокулук р‑ндук прокуратурасынын стажёр‑тергөөчүсү, Ленин р‑ндук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, Бишкек ш‑дык ич­ки иштер башкармалыгынын улук тергөөчүсү, Кыргыз ССР ИИМинде оперуполномочен, 1968–72‑ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунда кеңешчи, улук кеңешчи, юридика бөлүмүнүн башчысы, 1972–75‑ж. Кыргыз ССР Жогорку сотунун мүчөсү, 1975–79‑ж. Кырг‑н КП БКнын адм. органдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары, башчысы, 1980–82‑ж. Москвада СССР Мамл. коопсуздук комитетинин Башкы инспектордук башкармалыгында жооптуу кызматта, Кыргыз ССР Мамл. коопсуздук к‑тинин төрагасынын биринчи орун басары, 1982–87‑ж. Кыргыз ССРинин Ички иштер министри, 1987–94‑ж. КР ИИМдин Бишкек жогорку мектебинин окутуучусу, «Динамо» коомунун кеңешинин төрагасынын биринчи  орун басары, 1994–99‑ж. КР ИИМде Кадрларды даярдоо борборунун начальниги, 1999–2010‑ж. КР ИИМдин Академиясында доцент, окутуучу болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1980–85, 1985–90), КРдин билим берүү отличниги. «Ардак Белгиси» ордени ж‑а медалдар м‑н сыйланган.
АКМАТОВ 248.png