«АК МАРАЛ» МАМЛЕКЕТТИК БИЙ АНСАМБЛИ
16:56, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) (Mariya moved page «АК МАРАЛ» МАМЛЕКЕТТИК БИЙ to «АК МАРАЛ» МАМЛЕКЕТТИК БИЙ АНСАМБЛИ) тарабынан жасалган версия
Н. Түгөлов атн. – Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы бийчилер коллективи. 1939‑ж. Москвада өткөн кыргыз иск‑восунун 1декадасына карата балетмейстерлер Н. С. Холфин, В. В. Козловдун жетекчилиги м‑н уюштурулган, бирок декададан кийин ал өз ишин токтоткон. 1957‑60‑ж. 20 бийчиден турган элдик бий ансамбли орус, украин ж. б. элдердин бийлеринен концерттик программа түзүшкөн. 1966‑ж. Н. Түгөловдун көркөм жетекчилиги м‑н ансамбль кайрадан уюштурулат. 1977‑83‑ж. ансамблдин көркөм жетекчиси ж‑а башкы балетмейстери КРдин эл арт. К. Мадемилова, 1983жылдан КРдин эл арт., балетмейстер М. Асылбашев. 1988‑жылдан ансамбль азыркы аталышта, 1991‑ж. КРдин эл арт. Н. Тугөловдун
ысымы берилген. Коллективдин концерттик программаларын кыргыз, казак, башкыр, татар, түркмөн, өзбек, азербайжан эл бийлери, «Европа бий музыкасы» аттуу бөлүмдөр түзөт. «Тамаша», лирикалык «Аккуу», «Ак тамак, Көк тамак», «Миң кыял», «Эл достугу» бий сюитасы, «Сарыөзөнбаяны», «Саринжи‑Бөкөй», «Беш ыргай», «Тогуз кайрык», «Маш ботой» ж. б. бийлер туруктуу репертуарга айланды. Коллектив Түркияда, Германияда, Францияда, Малайзияда, Индияда ж. б. өлкөлөрдө гастролдо болгон.