АККАД ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:13, 27 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АККАД ТИЛИ (вавилон‑ассирия, ассирия‑вави­лон тили) – семит тилдеринин бири. Месопо­тамиянын ж‑а Ассирия (азыркы Ирак) элдери­нин байыркы тили. Диахрондук ж‑а аймактык жактан бир топ диалектилерге бөлүнөт. Эки адабий формага ээ: эски вавилон (б. з. ч. 2‑миң жылдыктын ортосунан бери) ж‑а жаңы вави­лон (б. з. ч. 2‑миң жылдыктын ортосуна чей­ин). Жазмасы – муундук клинопись. Эң байыр­кы жазма эстеликтери б. з. ч. 25‑кылымга, кийин­килери б. з. ч. 1‑кылымга таандык.