АКВАМАРИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:22, 5 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
  АКВАМАРИН  (лат. aqua marina – деңиз суусу) ­минерал, бериллдин бир түрү. Көгүлтүр, көгүш­ жашыл ж. б. түстөгү тунук кристаллдар тү­рүндөгү кымбат баалуу асыл таш. Өңү Fe2+ Fe3+

кошундууларына байланыштуу. А. узун призма­лык кристаллдарды пайда кылып, кээде өтө чоң өлчөмгө ж‑а массага жетет (Бразилияда 110,5 кгдагы табылган). Сапаттуу А. пегматит ж‑а грейзен кендеринен алынат. Көгүлтүр түстөгү А‑ден саргыч жашыл берилл кристаллын алуу­га болот ж‑а зергерлик буюмдарды боёодо, жа­соодо колдонулат. Бразилия, Пакистан, Мада­гаскар, Россия (Урал, Забайкалье), Украинада ири кендери бар. Кырг‑нда Талас кырка тоосун­да (Күмүштаг) ж. б. жерлерде табылган.