АКАДЕМИЯЛЫК БАСЫЛМА
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
жазуучулардын бардык чыгармаларынын ж‑а алардын ар кандай варианттарынын комментарийлер м‑н жабдылган толук басылышы. Мындай басылыш белгилүү окумуштуулар тарабынан же алардын катышуусу м‑н ишке ашырылат. Текст сунуш кылууда автордун колжазмаларынан, анын өзгөрткөн кошумчаларынан, бир эле чыгарманын бир нече варианттарынан ж‑а башка редакцияларынан пайдаланылат. А. б‑да текстке ил. түшүндүрмө берилет, иштөөдө пайдаланууга ыңгайлуу болсун үчүн ил.-маалыматтык аппарат м‑н коштолот. Мындай басылыштан бардык ил. аталыштагы эмгектер чыгарылат (мис., С. Каралаев м‑н С. Орозбаковдун айтуусундагы «Манас» эпосунун академиялык басылыштары ж. б.).