АКРИЛНИТРИЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:50, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 винилцианид, СН2=СН- CN ­орг. бирикме, акрил к‑тасынын нитрили, мол. м. 53,06, кескин жыттуу, түссүз, ууландыргыч суюктук, кайноо t 77,3°С. Аба м‑н А‑дин 3,05 ж‑а 17,0% көлөмдөгү кошулмасы жарылгыч. Суу, бензол, метанол, СС14 м‑н азеотроптук ко­шулманы, оңой полимерленип полиакрилнит­рилди пайда кылат. Бутадиен, стирол, винилх­лорид ж. б. м‑н сополимерлешүү реакциясына кирет. Өнөр жайда пропилен м‑н аммиактын аралашмасын катализатор м‑н кычкылданды­руудан ж‑а ацетиленге синил к‑тасын таасир кылуудан алынат. Ал полиакрилнитрил була­сын, бутадиеннитрил каучугун, цианэтил ж. б. өндүрүүдө колдонулат. А. денени дүүлүктүрөт, териге оңой сиңет, анын уулантуу таасири циа­ниттерге окшош.