«АК МАРАЛ» МАМЛЕКЕТТИК БИЙ АНСАМБЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Н. Түгөлов атн. – Кыргыз улуттук филар­мониясынын алдындагы бийчилер коллективи. 1939‑ж. Москвада өткөн кыргыз иск‑восунун 1­декадасына карата балетмейстерлер Н. С. Хол­фин, В. В. Козловдун жетекчилиги м‑н уюшту­рулган, бирок декададан кийин ал өз ишин ток­тоткон. 1957‑60‑ж. 20 бийчиден турган элдик бий ансамбли орус, украин ж. б. элдердин бийлери­нен концерттик программа түзүшкөн. 1966‑ж. Н. Түгөловдун көркөм жетекчилиги м‑н ан­самбль кайрадан уюштурулат. 1977‑83‑ж. ан­самблдин көркөм жетекчиси ж‑а башкы балет­мейстери КРдин эл арт. К. Мадемилова, 1983­жылдан КРдин эл арт., балетмейстер М. Асыл­башев. 1988‑жылдан ансамбль азыркы аталыш­та, 1991‑ж. КРдин эл арт. Н. Тугөловдун 
Ансамбль «Сарөзөк баяны» бийин аткарууда.

ысымы берилген. Коллективдин концерттик про­граммаларын кыргыз, казак, башкыр, татар, түркмөн, өзбек, азербайжан эл бийлери, «Евро­па бий музыкасы» аттуу бөлүмдөр түзөт. «Та­маша», лирикалык «Аккуу», «Ак тамак, Көк тамак», «Миң кыял», «Эл достугу» бий сюи­тасы, «Сарыөзөнбаяны», «Саринжи‑Бөкөй», «Беш ыргай», «Тогуз кайрык», «Маш ботой» ж. б. бий­лер туруктуу репертуарга айланды. Коллектив Түркияда, Германияда, Францияда, Малайзия­да, Индияда ж. б. өлкөлөрдө гастролдо болгон.