АКИТАШ ТЕГИ
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
негизинен кальцит (кээде арагонит) минералынан (Са С03) турган чөкмө тоотек. Курамында кальциттен башка доломит, чопо, кварц, лимонит, глауконит, орг. заттар ж. б. кездешет. А. бардык геол. мезгилдердин чөкмө тоотек катмарларынан жолуктурууга болот. Курулуш ишинде, цемент даярдоодо, металлургияда (флюс катары), агрономияда (кычкылданып кеткен кыртышты нейтралдоодо) ж‑а эл чарбасынын башка тармактарында пайдаланылат. А. метаморфизм процессине дуушар болсо – мраморго, бышырылса – акиташка айланат.