АКВАТИНТА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (итал. acquatinta; лат. aqua – суу, tinto – түс) – терендетилген гравюранын бир түрү. Металл тактанын бетине асфальт чайыры же
Аквариум балыктары: 1- макропод; 2- карателес­коп; 3- цихлида тотукуш; 4- берметчен гурами; 5­пульхер; 6- пецилия; 7- эки түстүү лабео; 8- оранда.

канифоль күкүмдөрү (көп учурда экөө тең) м‑н тегиз себилип, ысытылат; күкүмдөр тактанын үстүнө майда чекитчелер болуп бекип калат. Ушундай жол м‑н пайда болгон чекмелик кыр­тышка (грунтка) сүрөт түшүрүлөт. К‑тага турук­туу лакты жебилгенин жардамы м‑н тартыл­ган нерсенин ак бойдон калчу жерине сүйкөшөт ж‑а тактаны к‑тага салуу м‑н аны акырын оюп алышат. Бул ыкманы көп жолу кайталоо м‑н сүрөттү карартышат ж‑а терең такты алышат. А‑нын гравюрасын жасап жаткан учурда к‑та күкүмдөрүнүн арасындагы көрүнгөн металл бөлүкчөлөрүн эритет ж‑а тегиз эмес, одуракай үстүңкү бетке ээ болот, ал тактардан көчүргөндө ар кандай деңгээлдеги, түстөгү тактарды берет, к. Тереңдетилген гравюра. Көчүрмөдө А. тушь же акварель м‑н тартылган сүрөттү элестетет. А‑нын тех. ыкмалары м‑н материалдарын өзгөртүп жиберүүчү бир нече жасалыш ыкмала­ры бар. А. 17‑к‑дын 60‑жылдарында Франция­да пайда болгон. Көп учурда аны репродукция­лык техника катары пайдаланышкан.