АКАДЕМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:50, 26 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКАДЕМИЯ (лат. Academia) – илимий мекемелер­дин ж‑а жогорку окуу жайларынын аталышы. «А.» сөзү б. з. ч. 380‑ж. ортосунда Платон фи­лос. мектепти негиздеген Афиныга жакын жер­ге берилген мифтик каарман Академдин аты­нан келип чыккан. Эллинизм доорунда А‑га окшош ил. коомдор (Александрия Мусейону, б.
. ч. 3‑к.) пайда болгон. О. кылымда Чыгышта Багдадца «Акылмандык үйү» (9‑к.), Хорезмде «Мамун академиясы» (11‑к‑дын башталышы), Марата (13‑к.), Самарканд (15‑к.) обсерватория­ларынын алдындагы ил. коомдор белгилүү бол­гон. Европада 15‑16‑к‑да көбүнчө гуманитардык багытта иш жүргүзгөн Италиянын түрдүү ил. коомдору да А. деп аталган. 17‑к‑да табигый илимдердин проблемалары көңүл борборунда болгон бир нече ил. коомдор – А. иштеген. 17­к‑дын экинчи жарымынан тартып, мамл. бий­ликтин колдоосу м‑н А. улуттук ил. борборлор катары Лондон Королчулук коому (1660), Па­рижде ИА (1966), Берлинде Пруссия ИА (1700), Петербургда ИА (1724) ж. б. түзүлө баштаган. 1783‑1841‑ж. Россияда ИАдан тышкары орус тилин ж‑а көркөм чыгармаларды изилдөө иш­терин жүргүзүүчү Россия Академиясы болгон.
Комплекстүү типтеги А‑лар (же аларга окшош мекемелер) дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө (Берлин ­Бранденбург илимдер академиясы, Дания Ко­ролчулук илимдер академиясы, Россия илимдер академиясы ж. б.) иштейт. Улуу Британияда 18­к‑дын аягынан А. ролун Лондон Королчулук коо­му, Францияда – Франция институту, Италия ­да – дея Линчея улуттук академиясы, Испания­да – Испан королчулук академиясы; Азия ж‑а Аф­рика өлкөлөрүндө – Индия улуттук академиясы (1935), Каирдеги Египет ин‑ту (1798‑ж. негизде­лип, 1859‑ж. кайра түзүлгөн) ж. б. аткарган.
Көп өлкөлөрдө тармактык А‑лар (же аларга окшош мекемелер) бар: РФда – Россия көркөм сүрөт академиясы, Россия билим берүү акаде­миясы, Россия медицина илимдеринин ака­демиясы ж. б.; Германияда – «Леопольдина», Немец ил.-из. коому, Макс Планк атн. коом ж. б.; Данияда – Дания тех. илимдер акаде­миясы; Францияда – Илим изилдөөнүн улут­тук борбору, Франция академиясы ж. б.
Кырг‑нда А. 1954‑ж. Фрунзеде (азыркы Биш­кек ш.) СССР илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын базасында негизделген, учурда Кыр гыз Республикасынын улуттук илимдер акаде­миясы статусун алган. Мамл. А. м‑н катар КРда Айтматов академиясы, Көркөм сүрөт улуттук академиясы, Билим берүу академиясы бар.
А‑га мүчөлүктүн категориялары (академик, корреспондент мүчө) ж‑а өзгөчө (академиялык) наамдар (ардактуу академик, чет өлкөлүк мүчө ж. б.) каралган. М. Оморов.