АКАДЕМИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:39, 26 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКАДЕМИЗМ (фр. akademisme) – 1) көркөм сүрөт искусствосунда – өнүгүү базасы көркөм сүрөт академиялары болгон көркөм багыт. Алгачкы А. маньеризмге каршы туруу м‑н антикалык ж‑а Кайра жаралуу искусствосунун үлгүлөрүн бе­кемдеген. Көп жылдар бою негизги эстетикалык идеялы Рафаэль м‑н Микеланжелонун чыгармачылыгы болгон. Кийин А. салтты сактоого ж‑а бул негизде профессионал мектепти түзүүгө бай­ланышкан көркөм маданияттын маанилүү бөлүгү катары каралган. А. булактары – 1585‑ж. чен­де ага‑ини Карраччилер негиздеген Болонья ака­демиясынын ишмердигинде. Живопись ж‑а скульптуранын Королдук академиясынын ачы­лышы (1648) классицизмдин өнүгүүсүнө байла­нышкан. 17‑18‑кылымда тарыхый ж‑а мифтик не­гизги болуп эсептелген жанрлар иерархиясы калыптанган. А. искусствосунун өнүгүүсүн кечеңде­түүчү шарттуу нормаларды пайда кылат. 19‑кылым­дын 1-жарымында ага романтизм, кийин реа­лизм каршы болгон; 2) балет тарыхында «А.» ж‑а «академиялык бий» терминдери 19‑кылымдын жарымында Францияда, Италияда ж‑а Рос­сияда хореографиялык искусствого колдонулат. Франциялык хореографтар Ж. Мазилье ж‑а А. Сен‑Леондун балеттеринде А. ири бий формаларынын (гран­па, пад’аксьон, па‑де‑де) ж‑а алардын элемент­теринин (вариациялар, адажио, кода) турукта­шуусу ж‑а алардын ар биринин бир убакта өркүндөшү, жеке бий ансамблге караганда үстөмдүк кылуусу м‑н мүнөздөлөт. Академизм жетиш­кендиктеринин туу чокусу музыка, бий, спек­таклдин биригиши болду. Классикалык бийдин дүйнөлүк ж‑а орус мектебинин үлгүсүндө кыр­гыз балети да өнүгүп‑өсүүдө.