АЙЫЛ ЧАРБА ӨСҮМДҮКТӨРҮНҮН ЗЫЯНКЕЧТЕРИ
– эгилме өсүмдүктөргө зыян келтирүүчү жандыктар. Өсүмдүк зыянкечтери өтө көп. Аларга көбүнчө курт‑кумурскалар, кенелер, моллюскалар, жумуру курттар же нематодалар, кемирүүчүлөр, канаттуулар ж. б. кирет. Курт‑кумурскалардан – түз канаттуулар, трипсилер, тең канаттуулар, канталалар, кош канаттуулар же чымындар, катуу канаттуулар же коңуздар, жаргак канаттуулар же көпөлөктөр кирет. Өсүмдүк биттеринин эң зыяндуулары: гозо бити, алма кызыл бити, филлоксера, дан биттери. Көпчүлүк биттер өсүмдүктү зыянга гана учуратпастан, өсүмдүктүн вирус илдетин да пайда кылат. Алма ж‑а алмурут бүргөлөрү, цикадалар түркүмчөсүнүн көбү пахта, дан өсүмдүктөрү, картөшкөгө ж.б. өтө зыяндуу. Ак канаттуулар жылытылмадагы (теплица) өсүмдүктөрдүн өтө
коркунучтуу зыянкечи. Кокциддер түркүмчөсүнүн өтө зыянкечтери калифорния калканчалуусу, комсток курту, алма үтүр сымал калканчалуусу, жүзүм кеберлүү курту. Гозо ж‑а беде аянтына беде канталасы көп зыян келтирет. Кош канаттуулар же чымындардан чегиртке сымалдар, кара чегиртке, күздүк үкүчөсү, гессе чымыны, мөмөчүл шиш гумшук, капуста үкүчөсү ж. б., катуу канаттуулар же коңуздардан шиш тумшуктуулар (кызылчанын, беденин), беденин жалбыракчы шиш тумшугу өтө зыяндуу. Коңуздардан, айрыкча кампа зыянкечтери, эбелек муруттуулар тукумунан саратан коңузу, чарабаш коңуз көп таралган. Тырсылдак коңуздардын личинкасы, сасык коңуздар өсүмдүк уругу м‑н тамырына зыян келтирет. Картөшкөчү колорадо коңузу – карантиндик зыянкеч. Кокцинеллиддер тукумундагы коңуздар (эл кайдакөчөт) негизинен пайдалуу; көбүнчө өсүмдүк бити м‑н коксиддерди жок кылат. Жаргак канаттуулар же көпөлөктөр түркүмүндөгү зыянкечтер да көп. Алардын көбү мөмө‑жемишке, а. ч., токой өсүмдүктөрүнө (карадрина, гозо үкүчөсү, күздүкчү үкүчө, буудай үкүчөсү, капуста үкүчөсү, жалбырак жегичтер ж. б.) зыяндуу. Зыянкечтердин ар бир түрү белгилүү аймакта жашайт. Зыянкечтерге каршы күрөшүүдө алардын таралуусун, санын эсепке алуу, зыянкечтигин, илдеттерди алдынала маалыматтоо зарыл. Өсүмдүк зыянкечи м‑н илдетине каршы күрөшүүдө биол., мех. ж‑а физ. ыкмалар, өсүмдүк коргоонун хим. ыкмасы колдонулат, к. Өсумдук коргоо.
Ад.: Щеголев В. Н. Сельскохозяйственная энтомология. M.-JI., 1960; Робертс Д. А. Основы защиты растений. М., 1981.