АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН ЖАЙГАШТЫРУУ
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
– өлкөнүн аймактарындагы топурак, климаттык шарт, айдоо аянтынын структурасы, рыноктун алыс‑жакындыгы, экон. ж‑а социал. инфраструктуранын өнүгүшү ж‑а жайгашышы, калктын жыштыгы ж‑а анын жайгашуу мүнөзү сыяктуу факторлорду эске алуу м‑н а. ч. өндүрүшүнүн геогр. бөлүштүрүлүшү. Мында эмгектин коомдук бөлүнүшүндө айрым аймактардын салымы аныкталат ж‑а а. ч. продукциясынын тигил же бул түрүн өндүрүүгө адистештирүүгө шарт түзүлөт. Мис., Нарын обл‑нда негизинен мал чарбасы, а. и. кой ж‑а жылкы чарбалары жайгаштырылган. Айыл чарбасын адиcmeiumupyy ж‑а А. ч. ө. ж. эмгектин коомдук бөлүнүшүндө өз ара байланыштуу ж‑а бири бирин шарттап турат. А. С. Ажыбеков.