АЙЫЛ ЧАРБА МАШИНАЛАРЫ
Jump to navigation
Jump to search
АЙЫЛ ЧАРБА МАШИНАЛАРЫ – а. ч. өсүмдүгүн өстүрүүдө, мал асыроодо, өсүмдүк ж‑a мал азык‑түлүгүн алууда, даярдоодо, о. эле суу ж‑а мелиорациялык курулуш, токой чарба жумуштарын аткарууда колдонулуучу тех. каражаттар. Аларды куруу 19‑к‑дын башында Англияда, кийинчерээк АКШда, Францияда, 20‑к‑дан дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө өнүгө баштаган. Ага чейин 1655‑ж. орустун ойлоп табуучулары А. Терентьев ж‑a М. Крик суу м‑н иштөөчү эгин бастыргычты, 1759‑ж. И. Ползунов буу кыймылдаткычын ойлоп тапкан. 1844‑ж. И. Кобыленский картөшкө жыйноочу машинаны жасаган. Биринчи чөп чапкычты А. Хейрин (1852), эгин жыйноочу комбайнды алгач агроном . Власенко (1868), ал эми 1871‑ж. Р. Глинков кендир токуучу түзүлүштү ойлоп тапкан. Биринчи каз тамандуу тракторду Ф. Блинов ишке киргизген (1888). Азыркы учурда а. ч‑да жөнөкөй курал‑шаймандан баштан тармактык жогорку компьютерлешкен инновациялык‑маалыматтык технологиялар колдонулууда. Алар а. ч. өндүрүшүн комплекстүү механикалаштыруу үчүн машиналар системасынын негизинде жасалып чыгарылат. Машиналар системасы өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбасы, мелиорация, токой ж‑a талаачылык, токой өстүрүү багытында түзүлөт. А. ч. м. арналышы б‑ча топурак иштетүүчү, үрөн себүүчү ж‑a көчөт отургузуучу, жер семирткич чачуучу, өсүмдүктү илдет м‑н зыянкечтен коргоочу, тоют даярдоочу, дан эгинин оруп‑жыйноочу ж‑a иштетүүчү, жүгөрү, жашылча, азыктамырлуу өсүмдүктөрдү өстүрүп, жыйноочу, сугат ж‑a мелиорация тармагында, токойчулукта, мал чарбасында колдонулуучу машиналар болуп айырмаланат. Азыркы учурда жогорку өндүрүмдүүлүктү камсыз кылуучу А. ч. м. жасалууда. Аларга өзү жүрүүчү эгин чабуучу комбайндар, чөп чапкычтар, пахта жыйноочу машиналар, кант кызылчасы м‑н жүгөрү жыйноочу комбайндар, мал чарбасын механикалаштыруучу машиналар ж‑a жабдуулар кирет. А. ч. м. – энергетикалык (тракторлор, өзү жүрүүчү шассилер ж‑a жылуулук берүүчү кыймылдаткычтар) ж‑a технол. комбайндар, жер иштетүүчү машиналар ж‑a механизмдер болуп эки багытта иштейт.
Т. Орозалиев, Ы. Осмонов.