АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИН КАЙРА БӨЛҮШТҮРҮҮ ФОНДУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– мамл. менчик жерлерден түзүлгөн, а.ч‑на жарактуу жер тилкелери. Фонд­дун жерлери мамлекеттин менчигинде гана бо­лот. Фонддон пайдалануучуларга эреже ката­ры, жер 5 жылдан ашпаган мөөнөткө гана бе­рилет. Фондцун жерлерин башкаруу ж‑а тескөө мамл. атайын орган м‑н макулдашуу б‑ча айыл­дык, шаар кеңештердин аткаруу органдары та­рабынан жүргүзүлөт. Фондцун жерлери сатыл­байт, жер тилкелеринен КРдин жарандарынын менчигине берүү өзгөчө учурларда гана жерг. ке­ңештердин сунушу б‑ча Өкмөт бекиткен чечим­дин негизинде жүзөгө ашырылат.

Б. Рысмендеев.