АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИН КАЙРА БӨЛҮШТҮРҮҮ ФОНДУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:09, 26 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИН  КАЙРА БӨЛҮШТҮРҮҮ ФОНДУ – мамл. менчик жерлерден түзүлгөн, а.ч‑на жарактуу жер тилкелери. Фонд­дун жерлери мамлекеттин менчигинде гана бо­лот. Фонддон пайдалануучуларга эреже ката­ры, жер 5 жылдан ашпаган мөөнөткө гана бе­рилет. Фонддун жерлерин башкаруу ж‑а тескөө мамл. атайын орган м‑н макулдашуу б‑ча айыл­дык, шаар кеңештердин аткаруу органдары та­рабынан жүргүзүлөт. Фонддун жерлери сатыл­байт, жер тилкелеринен КРдин жарандарынын менчигине берүү өзгөчө учурларда гана жерг. ке­ңештердин сунушу б‑ча Өкмөт бекиткен чечим­дин негизинде жүзөгө ашырылат.

Б. Рысмендеев.