АЙТЫКЕ
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
(болжол м‑н 1816, Жумгал өрөөнү, Суусамыр жайлоосу – 1887) – акын, кыргыздын улуу муундагы классик акындарынын бири. Замандаштары Балык, Музооке, Арстанбек, Солтобай, Эсенаман м‑н катар чыккан. А‑нин ырчылыгын Токтогул жогору баалаган. КР УИАнын Манас таануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунун Кол жазмалар фондунда «Балык менен Айтыкенин айтышынын» бир нече варианты сакталып турат.