АЙТБАЕВ Таштемир

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Тапггемир Сыдыгалиевич (27.11.1943‑ж.т., Нарын обл., Ак‑Талаа р‑ну, Тоголок Молдо айылы) – генерал‑лейтенант (2000). Москвадагы Бауман атн. тех. жогорку окуу жайын (1967), Алматы Жогорку парт, мектебин (1981) бүткөн. 1961‑62‑ж. Москва ш­ндагы И. А. Лихачев атн.

з‑ддо слесарь‑ширетүүчү, 1967–82‑ж. Кыргыз ССР жерг. өнөр жай министрли­гинин пластмасса буюмдар з‑дунда улук конструктор, башкы технолог, комсомол­дун Свердлов райкомунун экинчи, Биринчи май рай­комунун биринчи, Кырг‑н ЛКЖС Бишкек шаар‑комунун 2‑секретары, Кырг‑н ЛКЖС БКнын инструктору, үгүт‑насыят б‑ча секретары, 1‑секретары, тары. 1982‑86‑ж. СССР Мамл. коопсуздук к‑ти­нин улук инспектору, Кыргыз ССР Мамл. кооп­суздук к‑тинин төрагасынын орун басары, 1‑орун басары, 1986‑95‑ж. Кырг‑н КП Ош обкомунун

АЙТБАЕВ4.png

өнөр жай‑транспорт, социалдык‑экономика бөлүмдөрүнүн башчысы, Ош обл‑тук элдик кон­троль к‑тинин төрагасынын милдетин аткаруу­чу, Кырг‑н КП Нарын обкомунун 1‑секретары, Кырг‑н КП БКнын секретары, «Кыргызавтосер­вис» мамл. акционердик коомунун генералдык директорунун орун басары, вице‑президенти, 1995–99‑ж. КРдин Ички иштер министринин орун басары, 1999–2000‑ж. КРдин Улуттук кооп­суздук министри, 2000–02‑ж. КРдин Ички иш­тер министри, 2002–05‑ж. КРдин Юстиция ми­нистринин орун басары, 2005–06‑ж. КРдин Улут­тук коопсуздук кызматынын төрагасы, 2006‑жылдан «Кыргызпромкурулушбанк» ачык акционердик коомдун төрагасы. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты (1975–90). «Ардак Белгиси» ордени м‑н сыйланган.