АДДИТИВДҮҮЛҮК
Jump to navigation
Jump to search
АДДИТИВДҮҮЛҮК (лат. additivus – кошулуучу) – бүтүн чоңдуктун мааниси анын тиешелүү бөлүктөрүнүн маанилеринин суммасына барабар болушун туюнткан касиет. Мис., көлөмдүн А‑гү бүтүн нерсенин көлөмү аны түзүүчү бөлүктөрдүн көлөмдөрүнүн суммасына барабар экендиги. А‑кө беттин аянты, сызыктын узундугу, нерсенин массасы ж. б. ээ болот.