АДВЕНТИКА ОРГАНДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:19, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АДВЕНТИКА ОРГАНДАРЫ (лат. adventicius ­келгин, адаттан тышкары) – өсүмдүктүн калып­танып бүткөн бөлүктөрүнүн адаттан тышкары жеринде, экинчи түзүүчү ткандардан пайда болгон көмөкчү органдар (бүчүрлөр, тамырлар).Мис., адвентивдик бүчүрлөр адаттагыдай сабак­тын учуна же муунуна – жалбырак колтугуна чыкпастан, сабактын муун аралыгында, жал­быракта ж‑а тамырда пайда болот; ал эми адвентивдик тамырлар сабактан, жалбырактан өсүп чыгат. Алар өсүмдүк шагын, тамыр систе­масын байытат, кээде негизги тамырларга тете болот.
                                                        	                                                                       А.Мурсалиев.