АЗЕЗИЛ
14:18, 7 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
АЗЕЗИЛ (ар. – азгыруучу, арбоочу) – диний түшүнүк б‑ча адамдарды Алланын ак жолунан тайдырып, күнөөгө батыруучу периштенин бир аты (к. Ибилис). Курандан кийин тараган айтымдарда Ибилистин көктөн (асмандан) куулуш тарыхы ар түрдүү баяндалат. Айрым маалыматтарда анын аты Азезил же ал‑Харис экендиги, жерге перилердин жаңжалын басуу үчүн жиберилгендиги айтылат. Бирок жеңишине шыктанган А. өзүн ааламдын буйрукчусу катары сезип, Алланын бийлигине багынбай кеткен. Куранда кээ бир адамдардын чындыкка ишенбей арамдыкка барганын периште атын жамынган А‑дин иши деп түшүндүрөт.