АДАТ
16:59, 3 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
АДАТ (ар. каада, салт, үрп‑адат) – тарыхый өнүгүүнүн жүрүшүндө узак мезгил ичинде калыптанган, калктын көпчүлүгү үчүн өнөкөткө айланып, муундан‑муунга өтүп келаткан, коомдук пикир м‑н корголгон улуттук, элдик, этникалык алакалар эрежелери. Ал мамлекет тарабынан көзөмөлдөнбөйт, коомдук пикирдин күчү м‑н аткарылат ж‑а сакталат. «Постиндустриялык» заман талабына жараша жаңы A‑тар калыптанууда.