АТ-БАШЫ кыштак

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:56, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТ-БАШЫ‒ Нарын обл-нун Ат-Башы р-нундагы кыштак. Ат-Башы айыл округунун борбору. Ат-Башы суусунун оӊ жээгинде (Кара-Коюн суусу куйган жерге жакын), деӊиз деӊг. 2060 м бийиктикте жайгашкан. Балыкчы темир жол бекетинен 226 км аралыкта. 1929-ж. негизделген. Калкы 10609 (2009). Кыш з-ду, наабайкана ж. б. иштейт. Үч орто мектеп, мектеп-интернат, бала бакча, №32 кесиптик-тех. окуу жайы,китепканалар, бейтапкана, оорукана, дарыкана, мад-т үйү, почта, ашкана, кафе, спорт курулмалары, минералдуу сууну куюштуруучу цех, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, о. эле 59 мекеме-ишкана бар. Чек арачыларга эстелик тургузулган. А.-Б. кербен сарай (Бишкек ‒ Кашкар соода жолунда) жайгашкан. Кошой-Коргон шаар калдыгы , Чеч-Дөбө айылдын батыш тарабында. Чыгыш тарабында Ат-Башы суусун бойлой тал, терек өскөн токой бар. Кыштак аркылуу Улуу Жибек жолу өткөн, айылга жакын жерден эл аралык Бишкек ‒ Торугарт автомобиль жолу өтөт.