АЛМАШИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:45, 12 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Дьёрдь (11. 8. 1867, Австро-Венгрия ‒ 23. 11. 1933, Австрия, Грац ш.) ‒ венгр окумуштуусу, этнограф, зоогеограф. 
АЛМАШИ90.png

А. жетектеген экспедиция 1900-ж. жаз айларында О. Азия аймагынын бир топ жерлеринде, а. и. Ысык-Көлдүн чыгыш жээги, Тескей Ала-Тоонун түн. ж-а түш. капталы, Жети-Өгүздүн сыртына, Сары-Жаз суусунун алабына чейин саякат жасап, табиятын, о. эле ал жердеги жерг. элдердин каада-салтын, турмушун изилдеген. Нарынколдо бугу уруусунан чыккан манасчыдан «Манас» эпосунан үзүндү жазып алган. Ал жазып алган «Манас баатырдын уулу Семетей менен коштошкону» деген үзүндүсү 1911-ж. «Восточное обозрение » журналына чыккан.

Каракол өрөөнү, 1900-ж.

1912-ж. Европада алгач үзүндүнүн котормосу немец тилинде жарыяланган. А-нин 1903-ж. жарык көргөн «Азия жүрөгүнө саякатым» («Vandorutam Azsia szivebe») аттуу эмгегинде Жети-Суу, Ала-Тоо, Теӊир-Тоо өӊдүрүнүн табияты, жаныбарлар дүйнөсү, Түркстандын коомдук-саясий абалы, андагы элдердин, а. и. кыргыз ж-а казактар дын өз ара карым-катнашы, тили, дини, каада-салты, чарбасы тууралуу баяндалат.