АШИМОВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:00, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АШИМОВ Исабек (1953-ж. т., Баткен обл., Лейлек р-ну, Кара-Даван кыш.) ‒ хирург, медицина илимд. доктору (1995) ж-а философия илимд. доктору (2000), проф. (1997), КР УИАнын корр. мүчөсү (2006), акад. (2021). КММИни (1976), ошол жерде  ординатураны (1982) бүтүргөн. Лейлек р-ндук оорукананын бөлүм башчысы, КММИнин ассистенти, доценти. 1998-жылдан УХБунун лабор. башчысы.Кыргыз Республикасынын УИАда аттестация бөлүмүнүн  башчысы, ошол эле жерде улук илимий секретарь, КМКДж-аКЖИде врачтарлдын билимин жогорулатуу  фак-тинин  хирургия кафедрасында проф. Клиникалык ж-а эксперименттик хирургия, патфизиология, философия б-ча адис. КРдин эмг. сиӊ. врачы (1995). 324төн ашык ил. эмгектери, а. и. 38 монографиясы, 33 ойлоп табуусу бар.