АЙРАН-СУУ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:58, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – дары­ланууга ж‑а ичүүгө жарамдуу минералдуу суу булактары. Москва р‑нунда, Ак‑Суу кыш‑нан 30 км түштүктө, Ак‑Суу (Жар‑Таш) минералдуу суусунан 3 км түш.-батышта, деңиз деңг. 2500 м бийиктикте. Суу жерг. элге илгертен белгилүү. Алгачкы геол. маалымат 1956‑ж. берилген. Суу аймагын ордовик мезгилинде пайда болгон кум­дук, акиташ теги, сланец түзөт. Минералдуу суу булактары түн.-чыгышка карай созулуп жатат.