АЙНЕК ИШТЕРИ
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
– имараттардын терезе, каалгаларын айнектөө. Курулушта терезе айнеги, арматуралуу, саймалуу, түстүү, чыңалган айнек тер ж‑а айнек блоктору колдонулат. Бул иш айнекти керектүү өлчөмдө кесүү, аны терезеге, каалгага ж. б. жарык кирүүчү оюктардын алкактарына орнотуудан, бекитүүдөн, тазалоодон турат. Кадимки айнектин калыңд. 2, 3, 4, 5 ж‑а 6 мм болот. Мында айнектен башка негиз ги материал катары олифте даярдалган бор жылчык шыбагы (замаскасы), минералдык майларда жасалган битумдуу ж‑а темир же коргошун суригинде жасалган белила жылчык шыбагы пай даланылат.