АЙНЕК БУЛАСЫ
– эритилген айнектен түрдүү жолдор менен даярдалган жасалма материал. Диаметри 3,5‑100 мкм, уз. 20 км болгон үзгүлтүксүз жана диаметри 0,5 – 20 мкм, уз. 1‑50 см штапелдик болуп 2 түрдө жасалат. Ал ысыкка чыдамдуулугу (мис., кварц, кремнезем, коалин булалары 1000°Сге чыдайт), диэлектриктик жогор ку касиети, жылуулукту начар өткөрүшү жана бышыктыгы, хим. туруктуулугу менен мүнөздөлөт. А. б. текстиль буласы жана жылуулук өткөрбөөчү була болуп бөлүнөт. Азыр була алуунун технол. үч түрү – эритилген айнек массасын чоюп‑созуу, айнек массасын борбордон четтөөчү күчтүн жардамы менен агымдарга ажыра туу, үйлөө ыкмалары колдонулат. Була хим. курамына жараша 500‑700°Сде гана жумшара баштайт. Техникада А. б. чыйратылган жип, тасма, кездеме, кездеме эмес материал түрүндө бышыктагыч (армирлөөчү), о. эле жылуулукту эң начар өткөргөндүктөн жылуулук сактагыч чыпка, электр өткөрбөгүч материал катары пайдаланылат. Андан жасалган материалдарды по лиэфир, кремний, орг. чайыр менен чапташтырганда жеңил, бекем, чыдамдуу материал алы нат. Айнек текстолити жана айнек волокнити деген түрлөрү бар. Айнек кебези (диаметри 1030 мкм була) жылуулук өткөрбөөчү материал болгондуктан имараттарды жылуулоо, түтүктөрдү ороо үчүн, акустикалык материал жана катмарлуу дубал панелдери, жабуу плиталары, бөлмөлөрдүн тосмо констр‑лары катары колдонулат.