АЙНЕК БЛОКТОРУ
Jump to navigation
Jump to search
– айнектен жасалган курулуш материалы. Ал бири бирине ширетүү менен эки жарым айнек блоктон пресстелип даярдалып, блок көңдөй болот. А. б. жарыкты жакшы өткөрүүчү, жылуулук жана үн өткөрбөөчү касиетке ээ. Ал өтө бышык, формасы б‑ча чарчы, тик бурчтуу; жарык тех. сапаттары б‑ча жарык таратуучу, жарыкты багыттоочу, тунук жана күн нурунан сактоочу; кооздугу б‑ча түстүү жана түссүз; констр‑сы б‑ча бир же эки камералуу болуп бөлүнөт. Түстүү блок айнек массасын боёо же жарым блоктун экөөнүн ортосуна түстүү пластинкаларды коюу менен даярдалат. А. б. турак үйлөрдө, коомдук жана өнөр жай имараттарында жарык өткөрүүчү сырткы жана ички тосмо констр‑лар катарында колдо нулат. Блоктор бири‑бири менен цементтелип бириктирилет.