АЙЛАМПА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:00, 18 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЙЛАМПА ирим, айлан көчөк – дарыянын же деңиздин үстүнкү бетиндеги айрым жерлерде суунун имерилип оргуп агышы­нан пайда болгон ирим. А. көлмөлөрдө же агын сууларда эки агымдын кездешкен жеринде, суу нугундагы чуңкур жерлерде же анын жээгинде чыгып турган урчуктарды имерилип агарда, о. эле суу нугунун кескин жайылып кетер ал­дында пайда болот. Ал эми деңиздерде ташкын ж‑а тартылуу толкундарынын, о. эле карама­-каршы агымдардын кошулган жерлеринде жа­ралат. А‑нын диаметри бир нече смден, океан­дарда бир нече кмге жетет.