АЙКӨЛ
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
– кыргыз дүйнө таанымынын маанилүү түшүнүгү; Манастын жеке өзүнө тиешелүү кең пейилдигин билдирген туруктуу эпитет катары арстан, көкжал, кабылан, шер, ад и лет, кебелбес ж. б. сыяктуу эпитеттердей эле баатырдын асыл сапатын данистелөө үчүн колдонулат. Би рок А. деген эпитет эч жерде чечмеленген эмес. Байыркы түрк символикасында – күнүмдүк жашоодо ж‑а фольклордо – «Ай» эркектин наркы м‑н байланыштырылган, о. эле «Ай» – «Ак» деген сөздүн эквиваленти. «Ак» – чындык маанисинде да айтылган ж‑а айтылып келет: «Ал тын таягы жылтылдап, Ай кудайы күркүрөйт», «Ак ийилет, бирок сынбайт». Ак Теңир, Кудай дегенди да билдирген. Кененчиликтин, бакыбатчылыктын символу катары «Ак» деп каймана түрдө «Сүт көлү» деп берилет. Байыртадан эле Айбалта (Акбалта), Айдаркан, Айкаган (айкан) деген энчилүү аттар да коюлган. «Ай» сөздүн маанисин күчөткүч катары да колдонулуп ке лет. «Көл» байыркы түрк тилинде хандардын, атактуу инсандардын титулдарын билгизген сөздөргө кошулуп айтылчу. Азыркы кыргыз ти линде кең пейил, токтоо, көтөрүмдүү адам «Көл киши», «Көл жигит» деп мүнөздөлөт. Демек, А. алгач эпитет эмес, Манастын эл баштоочулугу, журт коргоочулугуна байланышкан «Айкөл» деген титул болушу ыктымал. С. Асанбеков.