АЙДОО АЯНТЫНЫН СТРУКТУРАСЫ
Jump to navigation
Jump to search
– жалпы айдоо аянтында ар бир а. ч. өсүмдүгүнө туура келүүчү жер өлчөмүн көрсөтүүчү бирдик. Ал а. ч. өндүрүшүнүн өнүгүү деңгээлин, адистештирилишин билдирүүчү көрсөткүчтөрдүн бири. Район, чарба б‑ча которуштуруп айдоо жерге ж‑а топурактын ар түрдүүлүгүнө жараша бөлүнөт. Ал туура белгиленсе, жерди үнөмдүү пайдаланууга шарт түзүлөт. А. а. с‑нын башкы милдети – айдоо бирдигинен ж‑а которуштуруп айдоо аянтынан көп түшүм алуу. Айдоо структурасы ар бир региондун климаттык шартына, жер кыртышынын өзгөчөлүгүнө, чарбанын экономикасына ж‑а техника м‑н камсыз болушуна жараша түзүлүп, ил. жактан негизделип, А. а. с. которуштуруп айдоонун негизин түзөт. Сугат жерди дыйканчылык шартында которуштуруп айдоодо чарба жерин туура уюштуруу ж‑а рационалдуу айдоо структурасы (ар бир зонанын топурагына жараша) камсыз болушу керек. Бул сугат жерди натыйжалуу пайдаланууга, механикалаштыруунун негизинде эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк берет.