АЙГЫР ЖАЛ өсүмдүгү
Jump to navigation
Jump to search
АЙГЫР ЖАЛ (Leucopoa) – дан өсүмдүктөр тукумундагы көп жылдык ири, нык түптүү өсүмдүк. Толук эки үйлүү эмес, биринде аталыктары, экинчисинде энеликтери ж‑а мөмөлүгү толук өрчүп жетилбеген. Сабагы 2 мге чейин. Жалбырактары узун, тасмадай. Кыргызстандын бийик тоо кыркаларынын шагыл‑таштуу жерлеринде 2 түрү кездешет. Топ гүлү – татаал машак. Чөбү ката электе жылкыга жакшы тоют. Жал бырактары түшпөйт, кышында кой‑эчки, жылкы оттойт, бирок анын түбүндө ала курттун жумурткалары кышташы мүмкүн. Ошондуктан андай кыштоолордо койлорду кармоого болбойт. О. Азияда, Ы. Чыгышта өстүрүлөт. Кыргызстандын түштүгүндө эгилет.
Э. Б. Капарова.